Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:58

Делиде зордуктоо иши боюнча сот уланат


Индияда студент кызды зордуктап өлтүргөндүгү үчүн айпыталган 5 киши бүгүн 2-жолу сотко келүүгө тийиш. Адвокат үчөө өздөрүн күнөөлү эмес деп эсептээрин билдирип, күнөөсүн моюнга алдыруу үчүн полиция аларды уруп-сабаганын кыйытты. Былтыр 16-декабарда Делиде автобуста бараткан 23 жаштагы кыз менен жанындагы жигитине 6 киши кол салып, кызды зордуктап, сабашкан. Айыптары далилденсе бешөө өлүм жазасына өкүм кылынышы мүмкүн. Алтынчысы 17 жашта болгондуктан, анын иши өспүрүмдөр сотунда каралмакчы.

Окуя Индияда чоң резонанс жаратып, аялдардын коопсуздугун камсыздоону күчөтүү талабы менен массалык демонстрациялар өтүп жатат. Бийлик тийиштүү мыйзамдарды реформалоону караштырууда.

XS
SM
MD
LG