Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:36

Айткуловду адвокаттык лизенциясынан ажыратуу маселеси 21-январда каралат


Юстиция министрлигинин комиссиясы Икрамидин Айткуловдун адвокаттык лизенциясын алып салуу маселесин кароону 21-январга жылдырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” адвокат өзү кабарлады.

Буга чейин Башкы прокуратура Айткуловду "коомчулукту адаштырган маалыматтарды байма-бай таратып жатат" деп, ошон үчүн аны адвокаттык лицензиясынан ажыратуу өтүнүчүн Юстиция министрлигине жөнөткөн. Прокуратуранын түшүндүрмөсү боюнча, Камчыбек Ташиевдин таламын коргогон Айткулов депутат өткөн соттук психологиялык-психиатриялык экспертиза тууралуу коомчулукка жалган маалымат тараткан.

Икрамидин Айткулов Башкы прокуратуранын айыптоосун четке кагып, саясий жүйөгө байланыштырып келет. (BkA)

XS
SM
MD
LG