Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:37

Таабалдиев: Өзбек тарап чыгымдарды төлөөнү убада кылууда


Бул тууралуу Кыргызстандын Коргонуу кеңешинин катчысы Бузурманкул Таабалдиев “Азаттыкка” берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Баткендин Чарбак айылында болгон окуя боюнча Өзбектандын чек арачылары бардык материалдык чыгымдарды төлөп, ордун толуктап берели, эки тараптан аксакалдардын жолуктуруп, кыргыз-өзбек жарандарынын ымалага келтирүүгө аракеттенели деген сунуш менен кайрылышкан. Кыргызстан чыгымдарды төлөөнү тездетүүнү, ошондон кийин гана өзбек тараптын сунуштарын талкуулоого макул экенин айткан. Келтирилген чыгымдардын ордун толуктоо жагын өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү менен Фергана облусунун жетекчиси сүйлөшүп жатканын Таабалдиев кошумчалады.

Ал Сох-Чарбак жаңжалынан улам пайда болгон татаал кырдаалды турукташуу жагына ооду деп баалады.

XS
SM
MD
LG