Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:49

Иракта өкмөттү колдогон демонстрация өттү


Багдадда эки миңдей шиит тургундары көчөгө чыгып, өкмөт башчысы Нури ал-Маликинин өкмөтүнө колдоо билдиришти. Багдаддын Тахрир же Боштондук аянтындагы демонстранттардын бири Маан ал-Муссави мындай деди:

- Бул демонстрация Ирактын ынтымактуу коомун, анын секталар аралык араздашууларга жана терроризмге каршы турумун чагылдырат. Биз бийлик жоопкерчилиги болбой калганын айыптайбыз жана Саддам Хусейндин "Баас" партиясынын мурдагы мүчөлөрүн бийликке жолотпоону караган мыйзамды күчүнөн кетирүүнү талап кылабыз.

Мунун алдында Маликинин өкмөтүнө каршы сунни мусулмандары жашаган аймакта нааразылардын жүрүшү болгон эле.

XS
SM
MD
LG