Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:32

Чехияда президенттик шайлоо экинчи айлампага калууда


Соңку кабарларга караганда, биринчи айлампада алдыга экс-премьер-министр Милош Земан менен вице-президент Карел Шваценберг чыккандыгын Чехиянын ЧТК агенттиги кабарлады. Шайлоонун биринчи айлампасына киши көп келгендиги кабарланды. ЧТК агенттиги сегиз миллион шайлоочунун үчтөн экиси добуш бергендигин билдирди. Кечээ-бүгүн Чехияда президентти биринчи жолу түз шайлашты. 71 жаштагы Вацлав Клаус Баш мыйзам уруксат берген беш жылдык экинчи мөөнөтүнүн соңуна чыккан. Биринчи келген экөө жарым айдан кийин кайрадан ат салышат деп күтүлөт.

XS
SM
MD
LG