Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:57

Аба ырайы: кар көчкү коркунучу бар


13-14-январда жаан-чачынга жана байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137-чакырым, 198-265 чакырым), Мырзаке - Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90-чакырым, 145-150-чакырым), Каракол-Эңилчек (45-90-чакырым), Ала-Бука - Каныш-Кыя (62-100-чакырым) тоолуу жолдордо кар көчкүсү, кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо сунуш кылынат.

Аба ырайы

14-январда республика боюнча дээрлик жаан жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -10…-5, түндүгүндө -15…-10, күндүз -+3…+8, түндүгүндө +1…+6,
Талас облусунда түнкүсүн -15…-10, күндүз +2…+7,
Баткенде түнкүсүн -14…-9, күндүз +2…+7 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -14…-9, күндүз +2…+7,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -14…-9, чыгышында -19 ... -14, күндүз -3…+2,
Нарында түнкүсүн -27…-22, күндүз -12…-7,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -35…-30, күндүз -19…-14,
Тоолордо түнкүсүн -30…-25, ал эми күндүз -12…-7 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Жолдор тайгак болот. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -8…-6 градус, күндүзгү жогорку температурасы +5…+7 градус болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

XS
SM
MD
LG