Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:36

Ошто полковниктин тажиясына миңден ашуун киши келди


Белгисиз кылмышкерлердин огунан каза тапкан милициянын полковниги Толкунбек Шоноевдин сөөгүн жерге берүүгө жекшемби күнү миңден ашуун киши катышты. Ошко Бишкектен атайын барган ички иштер министри Шамил Атаханов кылмышкерлерди таап, жазалайбыз деп сөз берди. Тартип коргоочулар Шоноев кызматына байланыштуу өлтүрүлгөн деген 2-3 версия менен иштеп жаткандыгын "Азаттыкка" билдирди.

ИИМдин уюшкан кылмыштуулук, коррупция башкармалыгынын түштүк аймактык бөлүм башчысы Шоноевди 11-январда кечинде атып кетишкен.

Кылмышка шектелгендердин биринин фотороботу жарыяланды. Кылмышкерди ашкерелөө башкы прокурор Аида Салянованын көзөмөлүндө экендиги кабарланууда.

Артында келинчеги, беш баласы калган 35 жаштагы Шоноевдин үй-бүлөсүнө Ички иштер министрлиги 100 миң сом бөлдү.

se/jch

XS
SM
MD
LG