Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:36

Иракта демонстрациядан кийин өкмөт түрмөдөгүлөрдү бошотту


Багдаттын "Ал-Русафа" түрмөсүндөгүлөр бошотулушун күтүп жатышат, 14-январь, 2013
Багдаттын "Ал-Русафа" түрмөсүндөгүлөр бошотулушун күтүп жатышат, 14-январь, 2013
Ирактын өкмөтү сунни мусулмандарына көңүлү түз экенин көрсөтүп, түрмөдөн 200гө жакын адамды бошотту. Окуя бүгүн негизинен сунни мусулмандары отурукташкан Анбар провинциясында он миңдеген эл “шийилер башкарган өкмөттүн дискриминациялык саясатына каршы” демонстрацияга чыккандан кийин болду. Расмий өкүлдөр бүгүн 178 адам түрмөдөн чыгарылганын, өткөн аптада бошотулгандар менен кошо эсептегенде, жалпысынан 335 адам түрмөдөн чыгарылганын айтышты.

Көптөгөн камактагылар өкмөт алардын жаза мөөнөтү мурда эле аяктаганы иликтөөдө аныкталганы үчүн, же алардын күнөөсүн күбөлөнткөн жетиштүү далил табылбагандан бошотулганы айтылды. Нааразылык демонстрациясына чыккандар өлкөдө терроризмге каршы мыйзамдын чегинде камалгандардын бошотулушун талап кылып, бул мыйзамды өкмөт өлкөдөгү диний азчылыктарды жазалаш үчүн колдонот деп айыпташты. Демонстаранттар мындан сырткары, Ирактын шийи премьер-министри Нури ал Маликини кызматтан кетүүгө чакырышты.

XS
SM
MD
LG