Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:51

Пакистанда өкмөттөгү коррупцияга каршы марш Исламабадга жетти


Кахир ул-Кадринин колдоочулары Исламабаддагы демонстрацияда Пакистандын желегин көтөрүп турушат, 14-январь, 2012
Кахир ул-Кадринин колдоочулары Исламабаддагы демонстрацияда Пакистандын желегин көтөрүп турушат, 14-январь, 2012
Жүрүштү таасирлүү динаятчы Тахир ул-Кадри баштап келди. Анын “Демократия кербени” деп атап жаткан маршы Лахордон кечээ жолго аттанып, бүгүн кечинде Исламабадга жетти. Бул жүрүштүн негизги максаты - өлкө бийликтерин быйыл жазында боло турган парламенттик шайлоого чейин мамлекеттин шайлоо системасын реформалоого көндүрүү.

Кадри бул акцияга 100 миңдей адамды чогултууга аракет кылаарын айткан. Бирок бүгүн Исламабадга келген элдин санын ар кайсыл булактар ар түрдүүчө баалап жатышат. Пакистандын ички иштер министри Рехман Малик биздин радиого сүйлөп, “болгону бир нече миң адам” чогулганын айтты. Ошол эле маалда окуяга күбө болгондор түштөн кийинки маршка он миңдеген эл чыкканын айтышууда.

Жергиликтүү бийликтер Исламабаддагы чет өлкөлүк элчиликтерге жана өкмөттүк мекемелерге барчу негизги жолдорду жапкан. Жүрүштүн катышуучулары шаардын борбордук бөлүгүнө чогулуп жатышат. Ал жерде Кадри элге кайрылуу жасаары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG