Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:42

Пакистанда динаятчы өкмөттүн кызматтан кетүүсүн талап кылды


Таасирлүү динаятчы Тахир ал-Кадри Исламабаддын борбордук аянтында чогулган миңдеген тарапкерлерине кайрылып, өкмөттү бир сааттын ичинде жеңип алууга болорун айтты. Ал ошондой эле өкмөттөн өз эрки менен кызматтан кетүүсүн талап кылды:

- Мен силерге таң атканча бийликти калтырып, парламентти мыйзамга ылайык таратуу үчүн убакыт берем. Эгер өз эркиңер менен мындай кылбасаңар, анда эл ишке ашырат.

Тахир ал-Кадри башында турган “Демократия кербени” деп аталган марш Лахордон Исламабадга кечээ келген. Бул жүрүштүн негизги максаты - өлкө бийликтерин быйыл жазында боло турган парламенттик шайлоого чейин мамлекеттин шайлоо системасын реформалоого көндүрүү.

XS
SM
MD
LG