Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:28

17-январга карата аба ырайы


Шашылыш билдирүү
17-январда Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош (121-137 км, 198-265 км), Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу (45-90 км, 145-150 км), Ала-Бука - Каныш-Кыя (62-100 км) жана Каракол - Эңилчек (45-90 км) тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү түшүп, күрткү пайда болушу мүмкүн. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалар ортосунда 500 метр аралыкты айдоочулар так кармоосу керек.

Аба ырайы
17-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -7...-12, түндүгүндө -10...-15, күндүз 0...-5, түндүгүндө -2...-7,
Талас облусунда түнкүсүн -10...-15, күндүз -2...-7,
Баткенде түнкүсүн -8...-13, күндүз -1...-6,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -7...-12, күндүз -1...-6,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -7...-12, чыгыш тарабында -15...-20, күндүз -2...-7, Нарында түнкүсүн -23...-28, күндүз -10...-15,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -30...-35, күндүз -18...-23,
Тоолордо түнкүсүн -18...-23, ал эми күндүз -12...-17 болот.

Бишкекте түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн -8...-10, күндүз -2...-4 градус.

XS
SM
MD
LG