Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:54

Беловодское түрмөсүндө жаңы мончо ачылды


Чүйдүн Беловодское айылында жайгашкан №16 колонияда бүгүн жаңы мончо жана кир жуучу жай ачылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова билдирди.

Жаңы имарат салынды. Ичинде душ, буу бөлмө, чач тарач бар. Кир жуугуч автомат машинкалар орнотулду. Суу түтүктөрү жана меши жаңыланды.

Сабатарованын айтымында, Кыргызстандын айрым түрмөлөрүндөгү жуунуп, кир жуучу жайларды жаңылоого Европа Биримдиги 43 миллион сом бөлгөн. Буга чейин Молдовановка айылындагы абакта мончо ачылган. Март айында Петровка абагында да ачылмай болууда. Ал эми Бишкектеги №47 түрмөдө жылуулук системасы жаңыртылды. (RK)

XS
SM
MD
LG