Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:19

Атамбаев: Транзиттик борбордун мөөнөтү 2014-жылы бүтөт


Президент Алмазбек Атамбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Роберт Блейк менен болгон бүгүнкү жолугушуусунда "Манастагы" Транзиттик жүк ташуу борборунун мөөнөтү 2014-жылы аяктаарын белгилеп өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө айтылат. Ошондой эле экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды.

"Америка добушу" радиосу Роберт Блейк кыргыз бийлиги менен "Манастагы" Транзиттик жүк ташуу борборунун ижара мөөнөтүн узартуу тууралуу да сүйлөшөөрүн кечээ жазган. Бирок маселенин бул өңүтү бүгүн каралдыбы, жокпу, расмий маалымат азырынча айтыла элек. (RK)

XS
SM
MD
LG