Ысык-Көл облусунда химия жана физика мугалимдери жетишпей жатат. Облус аймагында 82 миң мугалим эмгектенет. Бирок акыркы учурда так илимдер боюнча сабак бергенге адистер жетишпей келүүдө. Бул тууралуу облустук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Жеңишбек Урумов билдирди.
Урумовдун айтымында, учурда облус боюнча физика, химия боюнча 60 мугалим
жетишпейт.
“Эң башкысы, бизде так илимдер - химия, физика жана математика боюнча мугалим жетишсиз. Ал эми информатика жана чет-тилдери боюнча окуткандар көп болуп, мектептерде иштөө орундары жетишсиз болууда” - дейт Жеңишбек Урумов. (MK/RK)