Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:34

"Тамашоучулар" Сочиде ийгилик жаратууда


Кыргызстандын "Тамашоу" курама командасы Сочиде өтүп жаткан КиВиН-2013 сынагында ийгилик жаратууда. Кечээ өткөн таймаштын жыйынтыгы менен тамашоучулар жана Кыргызстандан барган дагы бир топ - "Азия-Микс" экинчи турга өттү.

"Тамашоу" командасынын редактору Нурзат Токтосунованын "Азттыкка" айтымында, балдар Сочиге мыкты даярдык менен кеткен. Каражат жагынан спонсорлор жардамдашты, өзүлөрү да чоң концерт берип аракет кылды. Концертке билеттин баасы бир миң сомдон болду.

- Биз концерт койгонбуз. Эмнеге баасы кымбат деп таң калышты. Команданы колдогусу келсе билет алып кирип коюусун өтүндүк. Себеби көбүнчө сөз менен, моралдык жактан колдогонубуз менен, чын-чынына келгенде материалдык жактан колдогондор аз, - дейт Токтосунова.

Экинчи тур 23-24-январда өтөт. Аны уткан командалар гала-концертке катышуу укугун алат. (RK)

XS
SM
MD
LG