Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:12

Мырзакматов: Атамбаевдин "жол картасы" конкреттүү болсо болмок


Президент Алмазбек Атамбаев сунуштап, Улуттук кеңеш кабыл алган келерки беш жылдын "жол картасы" конкреттүүрөөк жазылса болмок. Мындай пикирин ушу тапта "Азаттыктын" окурмандары менен интернет-эрөөлгө чыгып жаткан Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов билдирди.

Жалпысынан жакшы үмүт бар, бирок "жол картасы" конкреттештирилсе жакшы болмок, бирок кандай гана план болбосун, ал кандай аткарылышынан жана жыйынтыгынан көз каранды, - деди Мырзакматов.

Бийликтин айтымында, 2013-2017-жылдарга өнүгүү стратегиясы, башкача айтканда "жол картасы" Кыргызстандын социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылат. (RK)

XS
SM
MD
LG