Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:00

Тажикстанда Өзбекстан Ислам кыймылынын мүчөсү деп шектелген киши өлтүрүлдү


Тажик коопсуздук күчтөрү өлкөнүн түндүгүндө Өзбекстан Ислам кыймылы - ИДУнун мүчөсү деп шектелген бирөөнү жок кылып, тогуз кишини камакка алды. Тажик ички иштер министри Рамазан Рахимов Дүйшөмбүдө журналисттерге Өзбекстан менен чектеш аймакта жүргүзүлгөн операция маалында 1 милиция кызматкери окко учканын айтты. Атайын операция бир нече күн өткөрүлдү. Министр Рахимов террорчул топтун мүчөлөрү ушул жылдын ноябрь айында өтө турган президенттик шайлоонун алдында өлкөдө башаламандык салууну көздөшү мүмкүн деген пикирин билдирди.

Халифат түзүүнү көздөгөн ИДУнун ишмердүүлүгүнө Борбор Азияда тыюу салынган. Андыктан бул кыймылдын мүчөлөрү негизинен Ооганстандын аймагын байырлап жүрөт.

XS
SM
MD
LG