Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:50

Өкмөттүн жумушчу тобу Баткенде ишин жыйынтыктады


6-январда Баткен районун Чарбак айылы менен чектеш Өзбекстандын Хущяр айыл тургундарынын чырынан кийин өкмөттүк мекемелер аралык жумушчу тобу иштей баштаган. Мекемелер аралык жумушчу топтун курамына тийиштүү министрликтен өкүлдөр кирип, Баткендин чек аралаш аймактарындагы абал менен таанышты.

Жумушчу топ бардык чек аралаш айылдарда болуп, эӊ зарыл жасалчу жумуштарды, жаӊжалдарды алдын алуу үчүн көрүлүүчү аракеттерди аныктаган. Жумушчу топ бүгүн облус аймагында өз ишин жыйынтыктап, атайын иш-чара түзүп, маселелерди чечүү үчүн өкмөткө сунушун берет.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, эӊ зарыл жумуштардын катарына Чарбак жана Бөжөй айылдарына көз карандысыз электр энергиясын алып келүү жана Чарбак айылына чыгаруу маселелери кирди. (JsA)

XS
SM
MD
LG