Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:57

Иран өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдө жылыш бар экенин билдирди


Ирандын расмий өкүлдөрү мындай билдирүүнү МАГАТЭ менен кандайдыр бир макулдашууга жетпегенине карабай жасашты.

Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттиктин ушул аптада Тегеранга барган делегациясы Иран менен анын шектүү өзөктүк жайларында инспекцияны кайра жандандыруу боюнча келишим түзүүнү көздөгөн. Бирок МАГАТЭнин айтымында, сүйлөшүүлөр 17-январда кандайдыр бир макулдашуусуз аяктаган.

Ирандын маалымат каражаттары бүгүн өзөктүк программаны тейлеген расмий өкүлдөрдүн бири Али Аскар Солтанеиге шилтеме жасашып, эки тарап кандайдыр бир деңгээлде ажырымды жойо алганын кабарлашты. Солтанеинин айтымында, Иран ушул тапта уран байытуу программасын да токтотпойт. (UE)

XS
SM
MD
LG