Коопсуздук күчтөрү бүгүн Ливия чек арасына жакын жердеги газ өндүрүүчү жайдын “ал-Каида” менен байланышы бар согушкерлер кирген акыркы имараттарына чабуул жасашты.
Алжирдин өкмөттүк маалымат каражаттары билдиргендей, бүгүнкү рейд учурунда он бир согушкер жок кылынды. Ал эми жети адамды барымтачылар өлтүрүп салышкан.
Расмий өкүлдөрдүн айтымында, бүгүн барымтада калгандардан 16 чет элдик, анын ичинде эки америкалык, эки немис, бир португалиялык бошотулган. Бүгүн ошондой эле газ комплекстин тегерегинен 15 адамдын өрттөлгөн сөөгү табылган. Алар барымтада калгандардыкы же согушкерлердики экендиги азырынча анык эмес.
Алжир өкмөтү буга дейре,17-январдагы куткаруу операциясында жергиликтүү жана чет өлкөлүк 12 жумушчу набыт болгонун ырастады. Ал куткаруу операциясы учурунда барымтада калган алжирлик жана чет өлкөлүк жүздөгөн жумушчунун качып чыгышына мүмкүнчүлүк жаралган. Согушкерлер болсо барымтадан 35 кишини жок кылганын айтууда.
АКШ коргоо министри Леон Панетта бүгүн Алжирдеги барымта кризисин комментарийлеп, буларга токтолду:
- "Ал-каида" билип коюшу керек - ал Алжирден, Малиден же бөлөк өлкөдөн болсун, башпаанек таба албайт. Биз алардын мындай теракттарды жасоосу үчүн жашырынгыдай жайга ээ болушуна мүмкүнчүлүк бербейбиз.