Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:19

Африка лидерлери Малиге аскер жайгаштырууну талкуулашууда


Батыш Африка өлкөлөрүнүн лидерлеринин Малиге аскер жайгаштырууну тездетүү маселесин талкуулаган кеңешмеси Кот-д”Ивуардын борбору Абижанда өтүп жатат. Бул өлкөнүн президенти Алассан Уаттара Малинин өкмөтүнө кеңири эл аралык колдоо көрсөтүүгө чакырды.

Батыш Африка экономикалык шериктештигине кирген 15 өлкө Малиге коопсуздук күчтөрүн жайгаштыруусун Улуттар уюму былтыр сентябрда эле колдогон. Бирок Малидеги жарандык согуштун күчөшү бул ишти кечеңдетип жиберди.

Франция өткөн аптада интервенция жасап, Малиге 2000дей жоокерин брондуу жана оор техникасы менен киргизди. Ошондой эле Малинин өкмөтүнө абадан учактар менен колдоо көрсөттү. Малинин түндүк бөлүгүн исламчылар согушкерлер былтыр апрелден бери көзөмөлдөп турушат. (UE)

XS
SM
MD
LG