Нарын райондук прокуратурасы аймактык шайлоо комиссиянын мүчөлөрүнө кызматынан кыянаттык менен пайдаланган жана шайлоо документтерин бурмалаганга жол берген деген айып менен кылмыш иш козгоду. Тергөөнүн жүрүшүндө балдарына алимент бербей, сот чечими менен 10 миң сом айып пулга жыгылып, бирок аны төлөбөй жүргөн адам талапкерлердин тизмесине кирип калганы аныкталган. Учурда райондук кеңештин депутаты болуп калган бул адам тууралуу тиешелүү органдардан маалымат убагында келгени менен шайлоо комиссиянынын өкүлдөрү ага көз жумуп койгон. Азыр бул кылмыш иш боюнча тергеп-иликтөө уланууда. (EBM)