Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:18

Москвада кыргызстандык бир жаран бычакталды


Орусиянын айрым маалымат каражаттары 19-январда кечки саат 9дарда Кыргызстандын жараны бычакталганын маалымдады. Ага ылайык, бычак жеген 24 жаштагы адам туугандары менен Москва шаарындагы Зеленодольская көчөсүндөгү үйлөрдүн бирин ижарага алып жашачу. Бычакталган жаран тепкичте кан жалап жатканда тууганы келип калып тез жардам чакырган. Бирок дарыгерлер келгенге чейин эле алган жаракатынан каза тапкан. Тартип коргоо органдары мындай факт болгонун тастыктады. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул тууралуу маалымат бере элек. (EBM)

XS
SM
MD
LG