Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:28

Сирия тышкы иштер министри: Асаддын келечеги талкууланбаш керек


Сирия тышкы иштер министри Валид ал-Муаллем бул тууралуу БУУ менен Араб лигасынын чабарманы Лахдар Брахими президент Асад өткөөл өкмөткө кирбөөсү керектигин айткандан бир аптадан кийин билдирди.

- Президенттин турумун эч ким талкуулабаш керек. Бул - кабыл алынгыс. Мындан сырткары биз Брахими менен кызматташтыкты улантууга даярдыгыбызды айттык. Анын алдыдагы миссиясы маанилүү. Анткени бизде саясий күн тартип бар, ал бизге жардам бере алат.

Валид ал-Муаллем мамлекеттик теледен сүйлөгөн учурунда козголоңчуларды куралын таштап, диалогго чакырды. Ага катышкандардын баары өкмөткө кирип, бийлик аларын убада кылды. Өкмөт менен күрөшүп жаткан топтор бул сунушка реакциясын билдире элек, бирок четке кагары күтүлүүдө.

Сирия оппозициясы президент Асад жаңжалды жөнгө салууда эми кандайдыр бир роль ойной албайт деп эсептейт. (UE)

XS
SM
MD
LG