Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:16

ФИФА башчысы КМШ футбол лигасын түзүүгө каршы


Дүйнөлүк футбол федерациянын башчысы Зепп Блаттер бул тууралуу кечээ Санкт-Петербургдан билдирди. Анын айтымында, КМШ лигасын түзүү дүйнөлүк федерациянын принциптерине каршы келет:

- КМШ клубдарынын кубогу жөнүндөгү идеяга келсек, ФИФА тараптан буга эч кызыгуу жок. Ал ФИФАнын тилектештик ишине шайкеш эмес.

Эски совет аймагында КМШ лигасын түзүүнү Орусиянын “Зенит”, Украинанын “Динамо” командалары сунуш кылган. Бирок бул сунуштун сынчылары, анын ичинде Орусиянын футбол федерациясы КМШ лигасы учурдагы лигаларга зыян келтирүүсү мүмкүндүгүн айтып чыгышкан.

ФИФА башчысы Зепп Блаттер Санкт Петербургга жылда өтүүчү Шериктештик кубогун көрүү үчүн барган. Мелдешке курагы 21ден чейинки футболчулардан турган улуттук командалар катышууда. (UE)

XS
SM
MD
LG