Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:05

Апрель окуясы боюнча сот иши уланууда


Апрель окуясы боюнча бүгүнкү сот ишинде айыпталуучулардын бири, мурдагы мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчи орун басары Данияр Дунгановдун саламаттыгына байланыштуу баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча адвокаттардын өтүнүчү каралышы күтүлүүдө. Андан тышкары соттук териштирүүдө айыпталуучулардын көрсөтмө берүүсү уланат. Бул тууралуу “Азаттыкка” жабырлануучулардын адвокаты Осунбек Жамансариев маалымдады.

2010-жылдын 7-апрелинде тынч элге ок аткан деген айып мурунку президент Курманбек Бакиев баштаган жыйырма сегиз кишиге тагылган. Булардын ичинде жетөө Кыргызстандан чыгып кеткенине байланыштуу сырттан соттолууда, камакта экөө отурат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG