Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:21

АКШда президент Обама экинчи мөнөөтү үчүн ант берди


АКШ Конституциясынын талаптарына ылайык, президенттин расмий ант берүүсү 20-январда өтүшү керек эле. Буга байланыштуу Барак Обаманын ант берүүсүнө арналган чакан жөрөлгө кечээ Ак үйдө болду.

- Мен, Барак Хусейн Обама, Кошмо Штаттарынын президентинин милдетин ак ниет менен аткарганга, күчүмдүн келишинче Кошмо Штаттарынын Конституциясын сактаганга, коргоого жана колдоого салтанаттуу ант берем. Мага Жараткан өзү жардам берсин, - деп айтты АКШнын президенти.

Ал эми коомчулуктун катышуусунда ант берүү аземине арналган расмий салтанат бүгүнкүгө белгиленген.

Салтанатка 800 миңдей киши чогулаары күтүлүүдө. Президент Обама АКШ Конгрессинин имараты – Капитолийдин алдынан инаугурациялык сөзүн сүйлөмөкчү.

XS
SM
MD
LG