Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:11

Бишкекте кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүү башталды


Ушу тапта Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы чек ара боюнча сүйлөшүү башталууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" кыргыз өкмөтүнүн чек араны тактоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча бөлүм башчысы Курбанбай Искандаров билдирди.

Анын айтымында, тажик делегациясын Тажикстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Махметжан Сабиров жетектеп келди.

Расмий маалымат боюнча, кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери 2002-жылы башталган. Эки өлкөнүн ортосунан өткөн чек ара тилкенин жалпы узундугу 970 чакырым. Бүгүнкү күндө анын 567си такталган. (RK)

XS
SM
MD
LG