Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:55

Ири суммада жашырылган салык мамлекетке кайтарылууда


"Кыргыз темир жол" ишканасында ири суммадагы салыктын жашырылып калганы боюнча кылмыш иштин негизинде мамлекеттик бюджетке 135 миллион сом кайтарылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын ага тергөөчүсү Замирбек Оморбеков билдирди.

100 миллион сомдон ашык салыкты жашырды делген негизде кылмыш иш бир жыл мурда ошол кездеги Каржы полициясы тарабынан козголгон.

Оморбековдун айтымында, бир адамга айып тагылды. Негизи 105 миллион сом төлөнгөн эмес, айыптык санкциясы менен 205 миллионго чыккан. Ошонун азыркы күндө 135и кайтарылды. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG