АКШнын экинчи мөөнөткө шайланган президенти Барак Обама Вашингтондун Капитолий дөңсөөсүндө кылкылдаган эл алдында ант берди. Анттын соңунан сүйлөгөн сөзүндө президент америкалыктарды “бир өлкө” жана “бир эл” катары биригүүгө чакырды. Обама ошондой эле мекендештерин “жаңы көйгөйлөрдү” жаңыча чечүүгө үндөп, АКШ эркиндикти эңсегендер үчүн глобалдык демократияны колдоону уланта берерин айтты:
-Ар бир президент кызматка киришер алдында биз Конституциянын туруктуу күчүн сезебиз, демократиянын өзүбүздөгү күчүн бекемдейбиз. Өлкөбүздү бириктирип турган күч –биздин терибиздин өңүндө эмес, биздин ишенимдерибиздин принциптеринде эмес же биздин атыбыздын келип чыгышында эмес. Биздин баарыбызды америкалык кылып турган –жүз жыл мурун калыптанган декларациянын идеясына берилгендик, - деди Обама.
Капитолий дөңсөөсүндөгү ант берүү салтанатын көргөнү жүз миңдеген адамдар келди.
Жекшембиде Обама АКШ Баш мыйзамына ылайык, Ак үйдө кызматка киришер алдында ант берген эле.