Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:54

Пан Ги Мун Сирияны курал менен жабдыгандарды айыптады


БУУнун Баш катчысы жана уюмдун Сирия боюнча эл аралык чабарманы Лахдар Брахими дүйшөмбү күнкү жолугушуусунда Сириядагы каршылашкан тараптарды курал менен жабдып жаткан өлкөлөрдү сынга алды. Бирок кайсы өлкөлөр экени айтылган жок.
Мурдараак Сирия өкмөтүнүн аскерлерин курал-жарак менен Орусия жана Иран камсыздап турат деген сөздөр болгон. Ошол эле учурда Сирия өкмөтү оппозиция куралды Түркия, Катар жана Перс булуңундагы башка өлкөлөрдөн алат деп айыптап келет.
Курал-жарак тууралуу сөздөр Орусия Сириядагы өзүнүн жарандарын алып чыгып кетерин жарыялагандан кийин айтыла баштады.
Бул аралыкта Сириянын Хама аймагында жанкечтинин автоунааны жардыруусунан 30 чакты киши өлдү, кабарларга караганда алар өкмөттүн жактоочулары болушкан.

XS
SM
MD
LG