Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:31

Кара-Кулжада митинг башталды


Кара-Кулжа районунун борбордук стадионунда «Ата-Журт» партиясынын камактагы депутаттарынын тарапкерлери тынчтык митингин өткөрүүдө. Уюштуруучулардын бири Расул Дүйшембиев «Азаттыкка» билдиргендей, акцияга 500дөй адам катышууда.

Райондук акимичиликтин аппарат жетекчиси Канболот Тутуев чогулгандардын саны 500кө жетпесин айтууда.

Митингде депутаттардын үстүнөн 24-январда өтүүчү соттук териштирүүнү акыйкат жүргүзүү талабы коюлууда. Жалпы абалга милиция кызматкерлери көз салып турат. Райондун акими бул митинг тууралуу алдын ала жергиликтүү бийликке эскертилбегендиктен, ал мыйзамсыз экенин “Азаттыкка” айткан болчу. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG