Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Өзгөндө Ташиевдин тарапкерлеринин митинги өтөт


Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Ташиевдин тарапкерлери бүгүн Өзгөн шаарында митинг өткөрөт. Алар «Ата-Журт» партиясынын камактагы депутаттарынын иши сотто адилеттүү каралсын деген талап менен чыгышмакчы. Бул тууралууу Өзгөн району боюнча Ташиевди коргоо комитетинин төрагасы Омор Араппаев «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, саат 14.00дө райондук акимчиликтин алдында тынчтык митинги башталат.

Райондун акими Аттокур Тажибаев митинг жөнүндө кабарсыз экенин, буга чейин уюштуруучулар жергиликтүү бийликтен иш-чараны өткөрүүгө уруксат сурап кайрылган эместигин же эскертүү болбогонун «Азаттыкка» билдирди.

24-январда «Ата-Журт» партиясынын камактагы лидери Камчыбек Ташиевдин, парламенттеги фракция лидери Садыр Жапаровдун жана депутаты Талант Мамытовдун үстүнөн соттук териштирүү уланат. 10-январда айыпталуучулар ишти кароочу сотко ишенбөөчүлүк айтып, процесс 24-январга калтырылган.

«Атажуртчу» депутаттарга Кылмыш Кодексинин «Конституциялык түзүлүштү кулатууга чакырык жасаган», «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган» деген беренелер боюнча айып тагылууда. Алар өзүлөрүн күнөөсүз экенин айтууда. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG