Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:54

Бишкектеги Wi-Fi аянтчаларга белги коюлат


Бишкек мэриясы шаардагы өзү орноткон бекер Wi-Fi аянтчаларына атайын белги коё баштайт. Бул тууралуу бүгүн шаар мэриясынан кабарлашты.

Шаар бийлиги былтыртан тарта бир катар жерге интернетке бекер чыгуучу байланышы бар аянттарды ача баштаган. Каалагандар ноутбук алып ошол жерден интернетке туташып, глобалдык түйүнгө чыга алат. Алгач Ала-Тоо аянтында, кийин Жаштар аллеясында, Кыргыз техника университетинде, Эркиндик бульварында орнотулган. Жакында Ататүрк паркына жана шаардын Түштүк дарбазасындагы паркка да Wi-Fi коюлмай болууда.

Мындай аянттарга белги коюу үчүн атайын логотипке сынак жарыяланган. Бүгүн ал сынактын жеңүүчүсү аныкталды. Акысыз интернеттин эң мыкты делген эмблемасынын автору Марсел Шейшеновго 20 миң сом сыйлык тапшырылды. (RK)

XS
SM
MD
LG