Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:46

Өзгөндөгү митингге Ташиевдин 60тай тарапкери чыкты


Камчыбек Ташиевдин тарапкерлери Өзгөн шаарында уюштурган тынч митинги аяктады. Бул тууралуу Ташиевди коргоо комитетинин Өзгөн району боюнча төрагасы Омор Араппаев «Азаттыкка» билдирди. Митингге 60тан ашуун киши катышканы кабарланууда. Алар «Ата-Журт» партиясынын камактагы депутаттарынын иши сотто адилеттүү каралсын деген талап менен чыккан. Иш-чаранын протоколу түзүлүп, бийлик органдарына жиберилмей болду.

Митингдин катышуучулары менен район акими Аттокур Тажибаев жолукту. Аким буга чейин уюштуруучулар жергиликтүү бийликтен иш-чараны өткөрүүгө уруксат сурап кайрылган эместигин же эскертүү болбогонун «Азаттыкка» билдирген эле.

“Ата-Журт” партиясынын лидерлери Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов былтыр 3-октябрда Бишкекте мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен УКМКнын тергөө абагына алынган. Сот 10-январда башталды. Кийинки отурум 24-январда өтөт. Ташиев ден соолугуна байланыштуу тергөө абагынан ошол эле УКМКнын клиникасына которулган болчу.(SE/RK)

XS
SM
MD
LG