Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:57

Жогорку Кеңеш “Фергана.ру” сайты боюнча маселени карайт


Жогорку Кеңеш "Фергана.ру" сайты боюнча маселени талкууламай болду. Бүгүн депутат Өмүрбек Абдрахманов аталган сайттын kg зонасында ачылышына бөгөт коюу тууралуу чечимди кайра кароо сунушун парламенттин билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинде айтты. Жабуу тууралуу чечим июн окуясын иликтеген комиссиянын иш жыйынтыгы талкууланып жаткан учурга туш келгенин, бөгөт коюлганы менен анын жаңылыктарын "Фергана.com" сайтынан деле ачып окуса болоорун кошумчалады.

Бул маселе парламентте качаан каралаары азырынча белгисиз. Аталган сайт улут аралык ынтымакты ыдыратып жатат деген негизде kg зонасында бир жыл мурда жабылган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG