Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:33

Иорданияда бүгүн парламенттик шайлоо өтөт


Шайлоо жарнамаларынын бири. Амман, 22-январь, 2013-жыл.
Шайлоо жарнамаларынын бири. Амман, 22-январь, 2013-жыл.
Бирок шайлоону “Мусулман агаиндер” кыймылы жана башка оппозициячыл топтор бойкоттоодо.

Падыша Абдалла бүгүнкү добуш берүүнү демократияга багытталган реформа жараянындагы маанилүү учур деп мүнөздөдү. Иордан падышасы баскычтуу реформаларын эки жыл мурда, аймакта “Араб жазы” деп аталган көтөрүлүш тутанганда жарыялаган.

Өлкөдөгү эң ири саясий күч – “Мусулман агаиндер” кыймылы жана башка оппозициячыл топтор шайлоону бойкоттошун мыйзам саясий партияларга караганда, уруу башчылары жана режимдин жактоочуларына артыкчылык бергени менен түшүндүрүшүүдө.

Парламенттеги 150 орун үчүн 1400дөн ашуун талапкер ат салышып жатат. Шайлоону утурлай добуш сатып алуу көрүнүшү кеңир жайылганы тууралуу кабарлар түштү.

Исламчыл күчтөрдүн бойкотуна карабай, бүгүнкү добуш берүүгө Иорданиянын шайлоого укуктуу 3 миллион калкынын 70% катталган. (UE)

XS
SM
MD
LG