Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:17

Генерал Жон Аллендин каттарында мыйзамсыз аракеттер жок


Пентагондун расмий өкүлдөрү билдиргендей, АКШнын Ооганстандагы куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы генерал Жон Аллен бир аял менен мыйзамсыз кат алышкан деген маалымат такталган жок. Аллен ЦРУнун мурдагы директору Дэвид Петреуска байланышкан жаңжалга тиешеси бар аял менен алакасы үчүн ноябрь айында тергөөгө алынып, аны менен алышкан каттары иликтенген. Бирок Аллен өзүн айыптоолорду четке каккан.

Президент Барак Обаманын Жон Алленди европалык күчтөрдүн жетекчилигине бекитүү сунушу Пентагондун шейшембидеги токтомунан кийин кайрадан көтөрүлөрү белгисиз. Алленге байланыштуу маалымат президенттин сунушу 14-июнда Сенатка коюлар алдында чыккан болчу.

XS
SM
MD
LG