Бүгүнтөн тарта 25-январга чейин Кыргызстандын айрым тоолуу унаа жолдоруна кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Анын айтымында, Бишкек - Ош (121-137 км, 198-265 км), Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу (45-90 км, 145-150 км), Ала-Бука - Каныш-Кыя (62-100 км) жана Каракол - Эңилчек (45-90 км) тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү түшүп, күрткү пайда болушу мүмкүн. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдо унаалар ортосунда 500 метр аралыкты айдоочулар так кармоосу керек экени эскертилди. (RK)