Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:54

Апрел окуясы боюнча сот убактылуу токтоду


Апрел окуясы боюнча соттук териштирүү убактылуу токтоду. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" “Мекен шейиттери” коомдук кыймылынын башчысы Осунбек Жамансариев билдирди. Анын айтымында, соттолуучулардын көбүнүн баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылып кеткенине байланыштуу жабыркагандар парламент алдына митингге чыкканы жатат. Ошого байланыштуу сот 28-январга чейин убактылуу токтоду. Жабыркагандардын нааразылык акциясы 24-январда өтөт.

Апрел окуясы боюнча сот ар жуманын алгачкы үч күнү өтүүдө. 2010-жылдын 7-апрелинде токсонго жакын митингчинин өлтүрүлүшү боюнча кылмыш иш каралууда. (RK)

XS
SM
MD
LG