Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:35

Сузактагы балдар үйүнө жардам берилди


Орусиядагы кыргыз элчилиги менен Москвадагы “KG STARS” коомдук уюму Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Октябр айылындагы балдар үйүнө 22 950 сом өлчөмүндө акчалай жардам көрсөттү.

Элчиликтин маалымат кызматы бүгүн кабарлагандай, бул мекемени былтыр 24-январда Тышкы иштер министрлиги камкордукка алган. Аталган жатак мектеп 1974-жылы ачылган. Учурда анда 70 бала тарбияланууда.

Октябр айылындагы балдар үйүнүн уктоо бөлмөлөрү менен мектеп имараты оңдоого, жаңы эмеректерге жана окуу китептери менен усулдук-окуу адабияттарына муктаж. (YA/RK)
XS
SM
MD
LG