Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Нетаняхунун блогу өкмөттү жалгыз түзө албайт


Израилде шейшемби күнкү парламенттик шайлоонун жыйынтыгы толук чыкканы калды. Маалыматтарга караганда, премьер-министр Бенямин Нетаняхуга коалициялык өкмөттү түзүү үчүн жаңы оңчул партиянын колдоосу керек болот сыягы. 120 орундуу парламентте Нетаняху жетектеген Ликуд партиясы менен анын союздашы, ашынган улутчул “Израил-Бейтену” партиясы 31 мандат алат. Бул 2009-жылкы шайлоодогудан 11 орунга аз. Орточул "Йеш Атид" 19 мандат алат деп боолгонууда. Бул дүниябий партияны тогуз ай илгери мурдакы тележурналист, 49 жаштагы Яир Лапид түзгөн. Серепчилер Нетаняху коалициялык өкмөткө “Йеш Атид” партиясын киргизгенге аракет кылат окшойт дешүүдө.

XS
SM
MD
LG