Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:59

Аманбаева: Кош бойлууларды каттоого алууну жөнөкөйлөтүү керек


Кыргызстанда кош бойлуу аялдардын бейтапканага каттоого алынышын жөнөкөйлөтүү зарыл. Бул тууралуу бүгүн парламент жыйынында депутат Урмат Аманбаева айтты. Учурунда медициналык тейлөөгө алынбаган кош бойлуулар арасында түрдүү оорулар чыгып, эне-баланын өлүмү боюнча көрсөткүч өсүп жатканын кошумчалады.

Азыркы мыйзамдар боюнча, кош бойлуу аял бейтапканага дарыгердин бекер көзөмөлүнө алыныш үчүн паспортунда ошол жерде жашаганын тастыктаган каттоосу болушу зарыл. Эгер каттоосу жок болсо, аны дарыгер бекер карабайт.

Урмат Аманбаеванын айтымында, кош бойлуу аял кайсы бейтапканага кайрылбасын, каттосу жок болсо деле кабыл алына тургандай кылуу керек. (RK)

XS
SM
MD
LG