Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Анклавдарга гумжардам жеткирүү өкмөттүк деңгээлде каралат


23-январда Өзбекстандын Фергана облусундагы Кува-Сай шаарында кыргыз, өзбек Чек ара кызматтарынын жетекчилеринин жолугушуусу өттү. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлады. Анда Кыргызстандагы Сох анклавынын тегерегиндеги кырдаал, чек ара өткөрмө бекеттердин иши жана чек арачылар ортосунда бирге иштөө маселелери талкууланды.

Бардык талкууланган маселелер боюнча макулдашууга жетишкени, эми соңку маалымат жана иштелип чыккан сунуштар эки өлкөнүн тиешелүү органдарына жеткирилээри айтылууда.

Кыргызстандын Барак эксклавы менен Сох анклавына гуманитардык жардам жеткирүү боюнча уюштуруу маселелери өкмөттүк деңгээлде каралып чыкмай болду.

5-7-январда Баткен облусунда кыргыз-өзбек чек арасында жаңжал чыгып, ошондон бери чектеш айылдар жабык турат. (RK)

XS
SM
MD
LG