Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:21

"Ата-Журттун" лидерлеринин соту уланууда


Ушу тапта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Ата-Журт" партиясынын лидерлери, депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун соту аланууда. Адвокаттар алардын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну соттон өтүнүп жатат. Соттун алдында ушул эле талап менен жүзгө жакын адам чогулуп турат. Алар соттун калыс жана ачык өтүшүн да талап кылууда.

Соттолуучулар былтыр 3-октябрда мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетин тергөө абагына камакка алынган. Камчыбек Ташиев кан басымы улам жогорулап жатканы жана ашказан оорусуна байланыштуу УКМКнын клиникасына которулган.

Соттолуучулар жана алардын жактоочулары коюлган айып саясый мүнөзгө ээ экенин, күнөө жок экенин айтып келет. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG