Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:11

АКШ Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларды сатып алат


АКШ Ооганстандагы аскерий контингент үчүн Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларды, кийим-кечекти сатып алат. Мындай келишимге бүгүн Бишкектеги “КSB group» атуу ишкана менен АКШ Борбордук команчылыгынын ортосунда кол коюлду. Ага ылайык, кыргызстандык компания Ооганстанга генераторлорду ташыйт. Ишкананын жетекчиси, Кубан Кожомуратовдун айтымында, алар “Кыргызстандын ишканалар порталы” аттуу долбоордун алкагында атайын тендерге катышып, андан утуп алышкан. Эми март айына чейин баасы 100 миң доллардан ашык генераторлорду Ооганстанга жеткиришет.

АКШнын Борбордук командачылыгын келишимдик бөлүмүнүн башчысы Том Гоерлингдин “Азаттыкка” билдиришинче, АКШ Кыргызстандан кийим-кече, курулуш материалдарын сатып алууга кызыктар. (BkA)

XS
SM
MD
LG