"Ата-Журт" партиясынын лидер депутаттарынын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу тууралуу адвокаттардын өтүнүчү боюнча чечимин сот эртең айтат. Бул тууралуу "Азаттыкка" соттолуучу депутат Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов билдирди.
Былтыр 3-октябрда мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен "атажуртчулар" Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камакка алынган. Ташиев ден соолугуна байланыштуу УКМКнын клиникасында кармалууда.
Соттук териштирүү 10-январда башталды. Бүгүнкү отурумда соттолуучуларга сөз берилди. Камчыбек Ташиев алар кылмыш кылбаганын, бийликти күч менен басып алууга аракет жасалбаганын айтты.
Үй камагына чыгаруу өтүнүчүн соттолуучулардын адвокаттары бүгүн келтирди. Бирок буга чейин тергөө учурунда да ушундай эле өтүнүч айтылып, соттор аны канааттандырбай койгон болчу. (ZB/RK)