Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:51

Талас: Чек арадан мыйзамсыз өтүп мал айдап бараткандар кармалды


Таласта кыргыз-казак чек арасын мыйзамсыз өтүп, казак тарапка 11 баш бодо мал айдап бараткан эки киши кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты. Экөө тең Кыргызстандын жараны экени аныкталды. Аларды Талас чек ара отрядынын жоокерлери колго түшүрдү.

Таласта Казакстан менен чектеш айылдардын тургундары малын уурдатып таппай калган учурлар көп катталаарын малчылар "Азаттыкка" айтып берген. (RK)

XS
SM
MD
LG