Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:06

Азербайжан полициясы Исмайыллиде көздөн жаш агызчу газ колдонду


Бүгүн Исмайылли шаарында район акимин кызматтан кетүүсүн талап кылган адамдар кайра демонстрацияга чыгышты.

Нааразылык акциясына чыккандарды таркатуу үчүн полиция аларга көздөн жаш агызчу газ атты. Жергиликтүү тургун “Азаттыктын” кабарчысына: "Биз шаар жетекчилиги менен көрүшүп, эмне болуп жатат деп сурагыбыз келет", - деди.

Кечээ акимди кызматтан кетүүсүн талап кылган адамдар машинелерге, имараттарга, анын ичинде бир мейманканага жана акимдин резиденциясына өрт коюшкандан кийин Бакыдан 150 км түндүк-батыштагы шаарга кошумча полиция күчтөрү жайгаштырылган. Тополоң “Чираг” мейманканасынын эгеси катышкан автокырсыктан улам башталган.

Бийликтер, жергиликтүү элдин айтымында, алардын сойкуканага айланган мейманкананы жабуу талабына таназар бербей койгон. Бул соңку бир жумада Азербайжанда болгон экинчи чоң тополоң. 19-январда Бакунун ныптасындагы чоң базардын ижара акысына нааразы болуп, жол бууган соодагерлер менен полиция кагышкан.

XS
SM
MD
LG