Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:03

Пентагон аялдардын согушка катышуусуна уруксат берди


АКШнын Коргоо министрлиги 18 жашка толгон кыз-келиндердин согушка катышканына уруксат берди.  Бейшемби күнү Пентагон жарыялаган билдирүүдө, аялдардын кургактагы согуштук операцияларга түздөн-түз катышканына тыйуу салган токтому жокко чыгарылганы айтылат.

Коргоо министри Леон Панеттанын сөзүнө караганда, мындай чечим АКШ куралдуу күчтөрүнүн командачыларынын макулдугу менен кабыл алынган. Бул чечимге ылайык, 2016-жылга чейин аскерий жетекчилик аялдар аткарууга тыйуу салган кызматтарды тактоого тийиш. Ак үйдүн өкүлү Жей Карней бейшемби күнү президент Обама Пентагондун саясатын жактырганын билдирди.

 

XS
SM
MD
LG